24.kg
17:25, 01 октября 2020, 24.kg

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү жаратман жана бир пикирде!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына кайрылуу жасады.

— Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди — элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр.

Photo 180400

Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз.

Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди.

Photo 180398

«Мекеним-Кыргызстан» партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, жакшылыктын жарчысы», — деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18