24.kg
16:09, 01 октября 2020, 24.kg

Өкмөт шайлоо процесси кемчиликтер менен коштолуп жатканын мойнунга алды

«Шайлоо идеалдуу өтүп жатат дегенден алысмын», — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Аткаминерлердин шайлоо процессине кийлигишпөөсүн өкмөт башчысы дагы бир жолу эске салды.

«Жорук жана кылмыштар реестринде бир нече материалдар катталды. Баардык фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ Башкы прокуратура да маалымат берди. Дагы бир жолу эскертем: мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышып, админресурстарды пайдаланууга тыюу салынат», — деди ал.

Кубатбек Бороновдун айтымында, Араван районундагы окуяны эске албаганда, үгүт иштери тынч өттү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18