24.kg
15:06, 01 октября 2020, 24.kg

Өзбекстандан келген аял Ошто эки тараптуу пневмониядан көз жумду

Өзбекистандан келген аял Оштон эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Араван жана Кара-Суу райондорунда коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдырахманов билдирди деп жазат Turmush.kg сайты.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар санытардык талаптарды аткарбагандыктан эпидемиологиялык кырдаал катаалдап кетти.

«Облуста 224 адам COVID-19тан дарыланып жатат, аларды алтоо оор абалда. Бүгүн 1962-жылкы Кара-Суу районунун тургуну эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал Өзбекстан жаранына турмушка чыгып, бирок Кыргызстандын жарандыгын алмаштырган эмес. Ал коңшу республикадан оор абалда келген. Оорусу күчөп кеткендиктен, көз жумду», — деди ал.

Эске салсак, бүгүн Ош облусунда 21 жаңы учур катталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18