24.kg
10:50, 01 октября 2020, 24.kg

Бийликти күч менен басып алууга чакырык. «Кырк Уруу» уюмунун мүчөлөрү кармалды

«Кырк Уруу Жети Дубан» уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
 
Уюмдун өкүлдөрү интернетте тараган видеонун негизинде бийликти күч мене басып алууга чакырыгына шектелип кармалышты. Аларга улуттар аралык кастыкты козгоо айыбы дагы тагылууда.
 
ИИМдин маалыматында, уюмдун 26 мүчөсү кечээ кармалды. Алардын 20сынын баңги зат колдонгону ырасталды.
 
«Кырк Уруу Жети Дубан» лидерлери Шамил Муканбеков, Амангелди Артыков, Акылбек Алджембаев, Рыскелди Бериков жана Кубанычбек Жумаканов камакка алынды. Буларлын, Шамил Муканбековтовдон башкалары мурда кыз зордуктоо, баңги зат кармоо, тоноо айыбы менен соттолушкан.
 
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18