24.kg
09:46, 01 октября 2020, 24.kg

Тоолуу Карабакта тараптардын атышуусу уланууда

Баку Армениянын Куралдуу күчтөрү Азербайжандын Физули районундагы Горадиз шаарын аткылаганын билдирди.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүгө ылайык, Армениянын снаряды Горадиз шаарындагы май куюу станциясына жакын жерде жарылды. Андан бир киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алды. Мекемеден шаршемби күнү өлкөнүн Тертер району да артиллериялык аткылоого кабылганын кошумчалашты.

Азырынча Армения бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал 27-сентябрда кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады. Аймакта эки өлкө 1980-жылдардын аягынан бери тирешүүдө.

Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18