24.kg
15:44, 30 сентября 2020, 24.kg

Кыргызстан Тоолуу Карабак жаңжалы боюнча оюн билдирди

Кыргызстан Азербайжан менен Арменияны сабырдуулукка чакырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматта конфликттин аймактык бүтүндүк жана эгемендиктин сакталышы менен тынчтыкта чечилишин колдой тургандыгы белгиленет.

«Кыргызстан талашты чечүү үчүн конструктивдүү сунуштардын иштелип чыгышын кубаттайт жана 1994-жылы кол коюлган Бишкек протоколуна байланыштуу тарыхый тажрыйбага таянып эки тарапка тең жардам берүүгө даяр», — дейт ТИМ.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабахка байланыштуу жаңжал кайра күч алып, эки өлкө аскердик абалга өткөнүн жарыялады.

Атышууда Толуу Карабах аймагында аскерлерден сырткары, жай тургундар дагы каза болгону айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18