24.kg
14:12, 30 сентября 2020, 24.kg

Баткенде үйдө той өткөрүп жаткан үй ээлерине айып пул салынды

Баткенде үйдө өткөрүлүп жаткан тойлор токтотулуп, айып пул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
 
Маалыматка караганда, Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3 миң сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү.
 
26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1 миң 36 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды.
 
Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды.
 
Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18