24.kg
12:43, 30 сентября 2020, 24.kg

Шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине 557 миллион коротту

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине 557 миллион 52 миң сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайком билдирет.

Белгилей кетсек, Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

25-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт иштерин эң кымбат жүргүзүүдө. Партия 116 миллион 108 миң сом короткон.

Андан кийинки орунда «Кыргызстан» 96 миллион 301 миң 939 сом. «Биримдик» —94 миллион 736 миң сом, «Ата-Мекен» — 46 миллион 791 миң сом, «Бир Бол» −43 миллион, «Замандаш» — 39 миллион, «Республика» — 36 миллион, «Мекенчил» − 13 миллион сом, «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын» — 10 миллион сом, Социал-демократтар — 13 миллион, «Ордо»- 9 миллион, «Бүтүн Кыргызстан» — 8 миллион, «Реформа» — 7,4 миллион сом коротту.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18