24.kg
12:27, 30 сентября 2020, 24.kg

Экономика министринин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, аткаминер 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды.

Мекеменин айтымында, департаментинин директорунун орун басары банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

«Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган», — дейт УКМК.

Аткаминердин бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынып, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18