24.kg
16:26, 29 сентября 2020, 24.kg

COVID-19га байланыштуу Москва мектептеринде эки апталык каникул жарыяланды

Москва мэри Сергей Собянин коронавирус жуктургун учурлар көбөйүп жатканына байланыштуу шаар мектептеринде 5-18-октябрь аралыгында эки апта каникул болорун жарыялады.

Адатта Орусия мектептеринде күзгү эс алуу бир аптага созулат. Бирок санитардык дарыгерлердин сунушу боюнча күзүндө сасык тумоо жана коронавирус жуктурган учурлар көбөйүп жатканын эске алуу менен каникулду эки аптага узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Маалыматка караганда, бул маалда дистанттык окуулар да болбойт. Кошумча билим берүү мекемелери да өз ишин токтотот. Бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Собянин ата-энелерге кайрылып, каникул учурунда балдар үйдөн же дачадан чыкпаш керек экенин эскертти.

«Ушул тапта ооругандардын көбү — балдар. Көпчүлүк учурда илдеттин белгилери байкалбайт. Алар үйгө келгенде вирусту чоңдорго жана кары кишилерге оңой эле жуктуруп коюшуда», — деп айтылат мэриянын сайтындагы билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18