24.kg
16:08, 29 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Баткендеги жугуштуу оорулар ооруканасы даяр болду

Баткендеги жугуштуу оорулар ооруканасы даяр болду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толугу менен аяктады.

Оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу линиялары жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү.

Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентраторунун орнотулушу күтүлүүдө.

Учурда оорукананын штаттык бирдиктери каралып жатат. 78 медициналык кызматкердин иштөөсү белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18