24.kg
16:01, 29 сентября 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады. Бул боюнча Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда министр жана статс-катчыга сөгүш сатып-алууларга байланыштуу сөгүш берилди.

Штабдын жыйынында коронавирустун жайылышына байланышкан кырдаал кооптуу болуп жаткандыктан, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү белгилүү болду.

Март айынан бери 46 миң 522 адам коронавируска чалдыгын, 1 миң 64ү набыт болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18