24.kg
16:46, 28 сентября 2020, 24.kg

Базарларды залалсыздандыруудан кийин оору күчөт жатабы? Министрликтин жообу

Шаарды залалсыздандырууда дамга зыянсыз болгон концентрациялар колдонулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, шаар ичинде, базарларда жүргүзүлгөн дезинфекциялоодон кийин хлор затынан ууланган учурлар катталган эмес.

«Базар — адамдар абдан көп чогулган жер болуп саналат жана санитардык нормалар дайыма сакталбайт. Мындан улам, алдын алуу чаралары сөзсүз керек. Ал жерде, адамга зыянсыз болгон концентрациялар колдонулат. Хлор затынан ууланган учурлар катталган эмес. Ошондой эле, хлор затынан уулануудан улам, пневмония илдети менен катталган учурлар жок», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, шаар тургундары жай айында базарларда жүргүзгөн дезинфекциядан кийин ооруп калганын айтышат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бул билдирүүнү жокко чыгарып, дезинфекциялоо эч кандай саламаттыка зыян алып келбесин, кайра базарларды вирустан тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдашан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18