24.kg
12:25, 28 сентября 2020, 24.kg

Баткенде кырдаал кооптуу. Мал базар жабылып, жума намаз, коомдук унаа токтотулду

Баткенде облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Маалыматта 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулары айтылат.

Аны менен бирге мал базарлары убактылуу жабылат.

Мечиттердин иши дагы чектелип, жума намазга кайра тыюу салынды.

Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

«Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди», — дейт штаб.

Белгилей кетсек, Баткенде эпидиомологиялык кырдаал кооптуу. Сентябрь айында облуста вирус жугузгандардын саны көп катталууду. Жалпысынан март айынан бери 2 миң 956 кишиден вирус аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18