24.kg
11:44, 28 сентября 2020, 24.kg

Казакстанда жакыр адамдардын саны көбөйдү

Пандемия маалында Казакстанда кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 5,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарын иликтеген Finprom порталы кабарлады.

2019-жылы жашоо деңгээлинен төмөн киреше тапкан адамдардын үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Бул 2011-жылдан берки эң начар көрсөткүч.

Маалыматка караганда, кедейлердин саны жагынан Түркстан (12,8%), Түндүк Казакстан облусу (7,4%), Жамбыл облусу (6,9%) алдыда турат. Нур-Султан (1,4%), Караганды (2,4%), Атырау (3,1%) облустарында абал салыштырмалуу дурусураак.

Републикалык маанидеги Алматы менен Чымкент шаарларында абал былтыркыга салыштырмалуу начарлап кеткен. Алматыда жакырлык деңгээли 6,2% (2019-жылы экинчи чейректе 2,6 % болгон), Чымкентте 6,4% (былтыр экинчи чейректе 3,1% болгон) түздү.

Иликтөөчүлөр Казакстанда экономикалык активдүүлүк төмөндөп, коронавирустун кесепеттеринен улам жакырчылык даана сезиле баштаганын айтышууда. Натыйжада өлкөдө кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 1,1 миллионду түздү.

Июль айында Дүйнөлүк банк пандемиянын кесепетинен Казакстанда дагы 800 миң киши кедейлердин катарына кошула турганын божомолдогон. 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 8,3 пайыздан 12,7 пайызга көбөйүшү ыктымал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18