24.kg
09:48, 28 сентября 2020, 24.kg

Тажик мигранттары Москвадагы элчиликтин кызматкерлерин сабап кетишти

26-сентябрда Тажикстандын Орусиядагы элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери элчиликтин имаратында сабалганын расмий түрдө тастыктады.
 

Маалыматка караганда, 24-сентябрда Тажикстан жарандарын кабыл алуу учурунда элчилик кызматкери сабалып, жаракат алган.

Кол салган киши дароо кармалган жана Россиянын укук коргоо органдары жагдайды иликтеп жатат.

ТАСС агенттигинин укук коргоо органдарындагы өз булагы: «Жаңжал учурунда эркек киши оппоненттеринин биринин мурдун жана бир манжасын сындырган. Мындан тышкары анын мээси чайкалганы аныкталган. Экинчи жабырлануучу олуттуу жаракат алган эмес», — деп билдирген.

«Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянуу менен элчиликтин кызматкерлери орой мамилелери үчүн токмоктолгонун жазды. Элчилик бул маалыматты четке какты.

Соңку эки айдан бери Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында мекенине кайтууну каалаган кишилердин узун кезеги жаралууда. Алардын көбү чартердик каттамдар үчүн түзүлгөн тизмеге нааразы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18