24.kg
09:23, 28 сентября 2020, 24.kg

Россияда көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды

27-сентябрда Россияда Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок.

Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат.

Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн ошол жерге барышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, «ФМ Сидорово» ишканасында Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18