24.kg
16:30, 25 сентября 2020, 24.kg

Россияда мигранттарга берилген жеңилдик мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды

оссияда да коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөр үчүн миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды. Президент Владимир Путин тиешелүү жарлыкка койгону бейшембиде расмий кабарланды.

Алгач жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин, анан 15-сентябрга чейин узартылган эле.

COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик чара көрүлбөйт.

Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эрежелерди бузуу үчүн административдик жазага тартуу да токтоп турат.

Чет элдиктерди ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыз кылышы керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18