24.kg
15:57, 25 сентября 2020, 24.kg

Өзбекстанда кайра карантин киргизилиши мүмкүн

Өзбекстандын башкы санитардык инспектору Нурмат Атабеков өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарлай берсе, бийлик кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин билдирди.

«Эки ай мурдагыдай катаал карантин болбойт деп ойлойм. Бирок акыркы кездери бизде күн сайын коронавирус жуктурган 600дөн ашык учур катталып жатат. Бул жарандар санитардык талаптарды аткарбай калгандан улам болууда. Эгер эпидемиологиялык абал начарлай берсе, өкмөт бир катар чектөө чараларын, анын ичинде буга чейинкидей карантин киргизиши мүмкүн», — деди Атабеков.

Ал жарандарга беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкты сактоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле колду бат-бат жууп туруу керектигин эскертти.

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктургандар 53 966 кишиге жетти. Алардын ичинен 50 441и айыгып чыкса, 447 бейтап каза болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18