24.kg
15:02, 25 сентября 2020, 24.kg

Социалдык өнүктүрүү министрлиги акысыз билим берүү курстарын жарыялайт

мгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Coursera (АКШ) уюму Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
 
Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT сыяктуу университеттеринен сунушталат. Окуу курсту аяктагандан кийин, бүтүргөндүгү боюнча акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
 
Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга максатталган.
 
Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат жана курстун саны чектелбейт.
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18