24.kg
11:32, 25 сентября 2020, 24.kg

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди.

«Үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды. Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айыпка жыгылды», — дейт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда дагы да эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18