24.kg
10:53, 25 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Вирус жуктурган медиктердин саны кайра көбөйүп баштады

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, Бишкек шаарында — 4, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда — 2 жана Баткен облусунда — 4 медиктен вирус аныкталды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18