24.kg
18:00, 24 сентября 2020, 24.kg

Казакстан өлүм жазасынан баш тартты

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) кабарлашынча, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Кайрат Омаров өлүм жазасын жоюуга багытталган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга тиркелген экинчи Факультативдик протоколго кол койду.

Казакстан 2003-жылы өлүм жазасына мораторий жарыялаган. Анын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонуу сунушталган.

Өлкөдө 10дон ашуун кылмыш курамы боюнча, анын ичинде «мамлекетке чыккынчылык жасоо», «террордук кылмыштар», «согуш маалында жасалган оор кылмыштар» үчүн өлүм жазасын колдонуу каралган.

Казакстанда акыркы жолу өлүм жазасы 2016-жылы чыккан. Төрт жыл мурун Алматыда полиция бөлүмү менен Улуттук коопсуздук комитетинин департаментине куралдуу чабуул жасалып, анын кесепетинин беш киши өлгөн. Чабуулга шектүү катары 1990-жылы туулган, буга чейин эки жолу соттолгон Руслан Күлекбаев кармалган. Кийинчерээк Алматы соту аны «теракт жасады» деп таап, өлүм жазасына кескен.

Буга чейин эл аралык укук коргоочулар Казакстанды өлүм жасасынан биротоло баш тартууга үндөп келген.

2019-жылы декабрда президент Касым-Жомарт Токаев ТИМге аталган факультативдик протоколго кошулуу процедураларын баштоону тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18