24.kg
08:56, 24 сентября 2020, 24.kg

Ташкентте 1000 орунду COVID-борбор ачылды

Ташкент шаарынын Үчтепе районунда коронавируска шектелген бейтаптарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү борбору ачылды.

Ташкент администрациясы 23-сентябрь күнү кечинде жарыялаган видеороликте Үчтепе районунун акиминин орун басары Бобур Мирзаев борбор «берешен ишкерлер жана демөөрчүлөрдүн» жардамы менен ачылганын айтты.

Миң кишиге ылайыкташтырылган борбор биринчи иш күнүндө 50дөн ашуун бейтапты кабыл алды.

«Ушул тапта борбордо 72 киши иштеп жатат, алардын ичинен 60 кызматкер — дарыгерлер жана медайымдар, калганы — ыктыярчылар», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташкентте «Узэкспоборбордо» 1000, «Жаштык» спорткомплексинде 520 жана Гимнастика сарайында 750 орунду борборлор ачылган.

 
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18