24.kg
16:26, 23 сентября 2020, 24.kg

Бул жоопкерсиздик. Кубатбек Боронов шайлоого катышып жаткан партияларга кайрылды

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө дагы бир жолу кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок.

«Бул жоопкерсиздик катары каралат. Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам», — деди премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18