24.kg
13:18, 23 сентября 2020, 24.kg

COVID-19: Мэрияда экинчи толкунга даярдык талкууланды

Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Анда күз-кыш айлары ордо калаабызда вирус жугузгандардын саны өссө, кандай чаралар көрүлөөрү талкууга алынды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

«Шаардыктарды коргоо алгоритминин ар бир кадамын талкуулап, күндүзгү жана түнкү стационарларынын даярдыгы жөнүндө сөз болду. Бишкектин ар бир районунда 500 орундуу стационарларын ачуу пландаштырылууда», — дешти мэриядагылар.

Мындан тышкары, стационарларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелери ишке ашырылып, медицина кызматкерлеринин кадр резерви жана ыкчам топторун даярдоо тапшырмалары берилди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18