24.kg
09:25, 23 сентября 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчы белгилегендей, ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз.

«Мамлекеттик тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат. Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү — келечек максатыбыз. Жараткан Кудайым өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18