24.kg
11:39, 22 сентября 2020, 24.kg

Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты

Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен чыкты. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Белгилей кетсек, Аймамат Назаров үгүт иштеринин тартибин бузганы боюнча БШКга арыз түшкөн. Ал «Улуттук энергетикалык холдингди» жетектеп шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергендигине карабай, үгүт учурунда энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышканы телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөн.

БШКнын маалыматында, Айтмамат Назаров аталган партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазып кетти.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18