24.kg
10:40, 22 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 71 кишиден вирус аныкталды

Өлкө боюнча бир суткада 71 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Дагы эле Баткен облусунда ооругандардын саны көп катталууда. Бир суткада бул аймактан 20 бейтаптын анализинен вирус табылды. 

Бишкек шаарында - 4, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда - 17, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 13 жана Баткен облусунда - 20.

Март айынан бери 45 миң 542 киши вирус жугузуп, 1 миң 63 алам набыт болду. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18