24.kg
11:52, 21 сентября 2020, 24.kg

Шайлоо чыгымдары. Партиялар үгүт ишине 5 миллиондон 86 миллионго чейин сарпташты

Партиялар үгүт иши башталгандан тарта кеминде 5 миллион сом сарпташты. Бул тууралуу Боршайком билдирет.

Белгилей кетсек, Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берилди.

Ага ылайык «Мекеним Кыргызстан» — 90 миллион сом, «Биримдик» — 86, 7 миллион сом, «Кыргызстан» — 71 миллион сом, «Ата-Мекен» — 36 миллион, «Бир-Бол»-33 миллион,  «Замандаш» — 35 миллион, «Республика» — 20 миллион, «Мекенчил» −10,7 миллион сом, Социал-демократтар — 8 миллион, «Ыйман нуру» — 6 миллион, «Реформа» — 6 миллион, «Бүтүн Кыргызстан» — 5 миллион акчаны үгүт иштерине коротконго жетишти. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18