24.kg
09:37, 21 сентября 2020, 24.kg

Өзбекстандын вице-премьер министри коронавирустан каза болду

Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, аткаминер коронавируска чалдыгып, андан кийин инсульт болгон. Ал дарылануу үчүн Германияга жөнөтүлүп, ошол жакта үзүлгөн.

Бирок расмий булактар мындай маалыматтарды жарыялаган жок.

Маркумду Бухарада жерге берүүгө камылга жүрүп жатканы, президент Бухарага барары кабарланды. Барноев 2016-жылдын декабрынан 2020-жылдын февралына чейин Бухара облусунун акими болгон. Кийин өкмөт башчынын агрардык жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары кызматына дайындалган.

Өзбекстанда буга чейин Каракалпакстан автономиялык республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы, Олий Мажлис сенатынын төрагасынын орун басары Муса Ерниязов жана Бухара облусунун акими Карим Камолов коронавирустан көз жумган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирус 51 235 адамга жукту. Анын ичинен 47 271 бейтап айыгып, 429 киши каза болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18