24.kg
16:50, 18 сентября 2020, 24.kg

Баткенде мечитте тартылган видео үгүт иштери башталганга чейин болгон

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын мечиттердин биринде депутаттыкка талапкер Сайдолимжан Жураев тартылган видео үгүт иштерине чейин болгон. Бул тууралуу Баткен казыяты маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, видео мечиттерге кайра иштөөгө уруксат берген кезде тартылган.

«Анда Жогорку Кеңештин депутаты менен бирге мечиттин имам хатиби Мамыржан Рахимбобоев биргеликте элди таажы илдетинен алдын алуу боюнча сактын санитардык эрежеге баш ийүүгө чакырган.Баткен казыятынын өз аймагындагы дин кызматкерлерине мыйзамга ылайык мечит-медреселерде үгүт иштерин кылбоо, катышпоо жана диний мекемелерди үгүт ишине колдонбоо боюнча эскертүү берген. Андыктан эски маалыматтарды колдонуп динди саясатташтырбоого чакырабыз», — дейт казыят.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта буга чейин депутаттыкка талапкер мечитте имамдын жанында туруп сөз сүйлөп жатканы таркатылган. Мыйзамда дин ишмерлеринин үгүт иштерине катышуусуна тыую салынат. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18