24.kg
16:15, 18 сентября 2020, 24.kg

Мурдагы модель Дональд Трампты жыныстык зомбулукка айыптады

Мурдагы модель Эми Доррис АКШнын президенти Дональд Трампты сексуалдык зомбулукка айыптады. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Дорристин айтымында, окуя 1997-жылы Нью-Йоркто өткөн АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатында болгон. Ал жерде ошол кезде ишкерлик кылган Трамп менен жолугуп, иш-чарадан кийин ал аны кучактап, ыдык көрсөткөн.

Өз кезегинде президенттин адвокаттары бул дооматты четке кагышты. Алар мурунку моделдин айыптоосу президенттик шайлоонун алдында чыгып жатканын белгилеп, анда саясий негиз болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Доррис президент Трампты жыныстык ыдык көрсөтүүгө айыптагандардын алгачкысы эмес. Мурдагы президенттик шайлоодо Трамптын каалаган аялды кармалай аларын айтып мактанганы жазылган аудио тасма чыгып кеткен. Трамп ал сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18