24.kg
13:49, 18 сентября 2020, 24.kg

Гриппке каршы вакцина биринчи кезекте медиктерге жасалат

Гриппке каршы вакцина биринчи кезекте медиктерге жасалат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Алардын билдирүүсүндө, Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору россиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасын алды.

«Ал биринчи кезекте жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине жасалат. Андан сырткары балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга берилет», — дейт мэрия.

Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот.

Андан сырткары вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», Клиника пр.Асымбековой, ЦАДМИР, «Интермедикал».

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18