24.kg
11:24, 18 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Вирус жугузгандардын саны кайрадан өсүүдө

Өткөн суткада 91 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ 81 кишиден вирус табылган. Бүгүн онго көп жаңы учур катталды.

Баткен облусу дагы эле алдыда. Бул аймакта бир суткада 20 кишиден вирус табылды.

Бишкек шаарында — 7, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 11, Ош облусунда — 15, Талас облусунда- 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 15.

Март айынан бери 45 миң 244 киши ооруп, анын 1 миң 63 каза тапты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18