24.kg
09:24, 18 сентября 2020, 24.kg

Беларус Литва жана Польша менен чек арасын жабат

Беларус Литва жана Полша менен чек арасын жабат. Украина менен чек арасында кайтаруу күчөтүлөт. Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко билдирди.

Ал аялдар форумунда сөз сүйлөп жатып: «Биз көчөлөрдөгү аскерлерди чыгарып, батыш менен чек араны жабууга аргасызбыз», — деди.

Өз сөзүндө Лукашенко башка элдердин шайлоону таанышына муктаж эмес экенин айтып, ОМОН өкүлдөрүнүн нааразылык учурундагы аракетин мактады.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган түмөндөгөн эл толкуну ушул күнгө чейин басыла элек. БШК анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Ошол эле маалда нааразылык учурундагы куугунтуктоолордон улам оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Бул арада Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун легитимдүү президенти катары тааныбай турганын жарыялады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18