24.kg
09:22, 18 сентября 2020, 24.kg

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалды. Биринчи Май райондук соту мындай чечимди 17-сентябрда кечке жуук чыгарды.

Сот чечимине ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги № 1 тергөө абагына камалды. Анын жакындары да бул маалыматты бышыкташты.

Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн алкагында экс-министр 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 15-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет.

Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү күнөөлөп келатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18