24.kg
17:52, 17 сентября 2020, 24.kg

Казакстанда куш тумоосунан үй канаттууларынын жапырт өлүмү катталууда

Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн Түндүк-Казакстан облусунда «жогорку патогендүү куш тумоосу жайылып жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-сентябрдан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстан облусундагы жети райондо үй канаттууларынын массалык өлүмү катталган.

«Улуттук референт борбору массалык өлүмгө патогендүү куш тумоосу себеп болгонун аныктады. Кабыл алынган эрежелерге ылайык, Казакстан бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмуна кабар берди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, ушу тапта аймакка вакцина жеткирилди. Облуста дезинфекция иштери башталып, канаттуулардын өлүгү жок кылынууда. 17-сентябрдан тартып аймактан канаттуулардын этин, жумурткасын чыгарууга тыюу салынды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18