24.kg
14:17, 17 сентября 2020, 24.kg

Баткенде бир нече жолу эскертүү алган тамактануучу жайлар жабылды

Баткен облусунда рейддик иш чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук унаа, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, жабылды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18