24.kg
11:42, 17 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Баткенде коомдук жайларга көзөмөл күчөтүлдү

Баткенде коомдук жайларга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу облустун ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, эпидемиологиялык абал боюнча элдин коопсуздугун сактоо максатында Лейлек район аймагында милиция кызматкерлери санэпид кызматкерлери менен чогуу мекеме-ишканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын, тойкана-кафелердин санитардык эрежелерин текшерүүдө.

«Кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп, күндүзгү жана түнкү рейддер уюштурулган. Коомдук жайларда, тойканаларда тартипке баш ийбей санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган тойкана ээлерине мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө», — дейт жергиликтүү милиция.

Рейддин жүрүшүндө Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында жайгашкан «Раньо» тойканасында үйлөнүү тоюу өткөргөндүгү аныкталып, тойкананын администраторуна айып пул салынды.

Лейлек район аймагында жалпысынан 49обьект текшерилип, 15 мекеме-ишканаларга, 37 жеке ишкерлерге жана багыттардагы 28 коомдук транспорттун айдоочуларына эскертүү баракчалары берилди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18