24.kg
11:40, 17 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Дагы төрт медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри билдирет.

Маалыматка караганда, Баткен облусу, Ош облусу жана Ош шаарында бирден медкызматкерден вирус аныкталды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 1 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3185 учур катталды, алардын ичинен 2739 медкызматкер айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18