24.kg
11:20, 17 сентября 2020, 24.kg

COVID-19. Өткөн суткада вирус жуктургандар Ош облусунда көп катталды

Өткөн суткада вирус жуктургандар Ош облусунда көп катталды. Бул аймакта 22 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө боюнча бир суткада 81 жаңы учур табылды.

Бишкек шаарында — 7, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 8, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда— 13, Баткен облусунда — 15.

Март айынан бери Кыргызстанда 45 миң 153 киши вирус жуктуруп, 1 миң 63 каза тапты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18