24.kg
10:23, 17 сентября 2020, 24.kg

Орусияда мигранттар үчүн өздүгүн аныктоочу жаңы система киргизилүүдө

Орусиянын Мамлекеттик думасы чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн ID-карта киргизүү жөнүндөгү ИИМдин демилгесин колдоду. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Билдирүүгө ылайык, мигранттын жеке маалыматы киргизилген ID-карта, аны алууну каалаган адам расмий түрдө арыз жазып, кайрылгандан кийин гана берилет. Картаны тариздөөнүн негизги шарты болуп, дактилоскопиялык каттоо (бармак изин алуу), коркунучтуу жугуштуу оорулардын бар-жогун медициналык жактан текшерүү жана арыз ээсинин сүрөтү эсептелинет.

Пластиктен жасалган документти алган мигрант Орусия аймагында узак убакытка чейин жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк алат, жана карта 10 жылдык мөөнөткө жарактуу чакан жана ыңгайлуу күбөлүк болот.

Орусияда 90 күндөн ашуун жүрбөйм дегендерге ID-картаны алуунун кереги жок.

Долбоор 2021-жылдан тарта ишке киргизилмекчи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18