24.kg
10:04, 17 сентября 2020, 24.kg

Чүй облустук прокуратурасы добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгоду

Чүй облустук прокуратурасы добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгоду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Мааалыматка караганда, милицияга Новопакровка айылындагы шайлоо тилкесине белгисиз жарандар № 2 форманы толтуруп жатканы кабарланган. Факт бирдиктүү реестрде «добуш сатып алуу» беренеси меен катталды.

Чүй облусунда 406 шайлоо тилкеси бар.

Белгилей кетсек, шайлоо алдында № 2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны көбөйдү. № 2 форма менен шайлоочу башка тилкеден, катталбаган жеринен тизмеге туруп добуш бере алат.

Массалык маалымат каражаттарында, айрым талапкерлер өзүнө тиешелүү тилкеден добуш топтоо үчүн жарандарды шайлоо тилкелерине алып келип каттап жатканы айтылган.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18