24.kg
09:44, 17 сентября 2020, 24.kg

Орус-казак чек арасында миңдеген мигрант топтолуп турат

Орусиянын Самара облусунун орус-казак чек арасына жакын жеринде мекенине кайтууну каалаган Өзбекстандын 4 миң 282 жараны топтолуп турат. Бул тууралуу облустук өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын бийлиги 12-14-сентябрь күндөрү бул аймактан поезд менен 1,6 миң жаранын мекенине алып кеткен. Кийинки поезд 19-сентябрда келет деп күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, май айынан бери Самара облусунан Өзбекстандын 8,5 миң жараны мекенине жеткирилди.

Ал ортодо Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орус-казак чек арасында топтолгон жана Орусиянын аймактарынан чек араны көздөй бараткан кыргызстандыктар 3300гө жеткенин билдирди.

Элчинин эсебинде ара жолдо калгандар Оренбург жана Самара облустарында жана Башкыртстан Республикасынын аймагында топтолгон.

«Сүйлөшүп жатабыз. Чек ара качан ачылары жөнүндө Казакстан жооп бере элек», — деди Аликбек Жекшенкулов.

Топтолуп турган эл күн сайын кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18