24.kg
09:20, 17 сентября 2020, 24.kg

Жал кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт саат 23:35те өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үй өрттөнүп жатканы тууралуу кабар алгач өрт өчүрүүчүлөргө 16-сентябрь күнү түнкү саат он бирге жакын түшкөн. Өчүрүүгө башында үч, кийинчерээк дагы кошумча эки бригада тартылган. 16 кабаттуу үйдүн дээрлик акыркы кабатында чыккан өрттү өчүрүү автокрандын жардамы менен гана мүмкүн болгон.

Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18