24.kg
12:45, 16 сентября 2020, 24.kg

«Мен эркекмин — мен наалыбаймын!». Артур Цветковго жооп челленж

Россиялык алып баруучу Артур Цветков Ассол Молдокматованы сотко берди. Бул тууралуу ал өзү инстаграм баракчасында билдирди.

Артур Цветковдун айтымында, аны Ассол Молдокматова улутчул катары сыпаттаган.

Эскерте кетсек, август айында Артур Цветков Москвада кафеде иштеген кыргыз жарандарына кол көтөрүп, аларды өлкөдөн чыгарып жиберем деп коркуткан. Видео социалдык тармакта тарап, көпчүлүк Цветковду сынга алгандан кийин ал Манап Абдуразаковдон келип кечирим сурап кеткен.

Бүгүн ал Ассол Молдокматованы сотко бергендигин билдирди.

Кыргыз мырзалары Артур Цветковго каршы челленж баштап, аны наалыбай, даттанбай, эркек болууга чакырат. Россиядагы кыргызстандык ишкер Марсель Салахунов баштаган акцияны бир катар мырзалар колдоого алды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18