24.kg
12:11, 16 сентября 2020, 24.kg

Шайлоо-2020. Шайлоочулар тизмесин мобилдик колдонмодон тактаса болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанган депутаттарга добуш берүүчү жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Ага оңдоп-түзөтүүлөр 19-сентябрга чейин киргизилиши керек.

Жарандар тизмеге кирип-кирбегенин төмөнкү ыкмалар менен текшере алат:

  • шайлоо участкасында;
  • «Тизме» порталында (шилтемеси www.tizme.gov.kg);
  • 119 номуру аркылуу МККнын call-борбору аркылуу (чалуу акысыз);
  • 119 номуруна жеке идентификациялык номурун SMS менен жөнөтүү аркылуу.

Мындан тыкшары тизмеден өзүн тактагысы келгендер «МККнын тейлөө кызматы» аттуу мобилдик колдонмону жүктөп алса болот. Аны Android платформасындагы смартфон ээлери пайдалана алат. «МККнын тейлөө кызматы» деген колдонмону Play Marketтен жүктөп, же «ТШК дарегин текшерүү» деген бөлүмгө кирүү керек. iOS операциялык системасынын пайдалануучулары үчүн колдонмо кийинчерээк чыгат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18