24.kg
20:56, 15 сентября 2020, 24.kg

Ковидге даярдык. Саламаттыкты сактоо тармагындагындагы жетекчилерге иш козголду

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы буга чейин коронавирус инфекциясына каршы иш-чаралар алкагында бир нече факты боюнча тергөөнү баштаган.

Жыйынтыгында «Шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын билдирүүсүндө, министрликтин жетекчилери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Мамлекеттик бюджетке зыяны 9 миллион сомго жакын суммага бааланды.

Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышка шектелип, саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев кармалды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18