24.kg
15:48, 15 сентября 2020, 24.kg

Октябрдан тарта мектептер офлайн тартипте иштөөгө өтүшү мүмкүн

Эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылууда. Бул тууралуу билим берүү министри Каныбек Исаковдун президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде маалым болду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Сооронбай Жээнбеков билим берүү системасындагы, санариптештирүүдөгү жакшы өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгиледи.

Ал ошондой эле мугалимдердин айлык маянасын которуу процессин автоматташтыруу ишине оң баасын берди. Бул өз кезегинде «өлүү жандарды» жокко чыгарып, бюджеттик каражаттарды кыйла үнөмдөйт.

Ал өлкөдөгү бардык мектептерди мугалимдердин айлык акысын төлөөдө коррупциялык схемалардын бары-жогун текшерүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18